Кыргызстан менен Танзания дипломатиялык мамилелерди орнотту
27 сентябрь

Кыргызстан менен Танзания дипломатиялык мамилелерди орнотту

2025-жылдын 26-сентябрында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун 80-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Танзания Бириккен Республикасынын тышкы иштер жана чыгыш-африкалык кызматташтык министри Махмуд Табит Комбо менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөрдүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу тууралуу биргелешкен коммюникеге кол коюу аземи өттү. Министр Ж.Кулубаев бул саамалык Кыргызстан менен Танзаниянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана мындан ары өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишеним билдирди.

Мындан тышкары, тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча ишти баштоону макулдашып, саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле БУУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өнөктөштүктү чыңдоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Кезигүүнүн соңунда министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын демилгелерине көрсөтүп келе жаткан туруктуу колдоосу үчүн өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптешин Кыргызстанга ыңгайлуу убакта сапар менен келип кетүүгө чакырды.