Манас районунда мал уурулука шектелген эки жаран кармалды
2026-жылдын 10-августунда Манас РИИБне Манас районунун 1980-ж.т. тургуну арыз менен кайрылган. Анда 8-августка караган түнү 5 (беш) баш жылкысын талаада аркандалып турган жеринен жибин кесип белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факты боюнча Манас РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (Мал уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Талас ОИИБдин жана Манас РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам иш-аракеттеринин негизинде уурдалган жылкылар Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарында белгисиз жарандарга сатылгандыгы аныкталган. Аталган ишке шектүү катары Манас районунун 1994-ж.т. тургуну А.Е. жана 2005-ж.т. тургуну Ө.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Белгилей кетсек, уурдалган жылкылардын ичинен 1 баш бээ жана 1 баш кулуну 2026-жылдын 16-августтунда Чүй облусунун Сокулук районунун мал базарынан табылып, ээсине кайтарылып берилди.
Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктоо жана уурдалган жылкыларды сатып алган жарандарды тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
