15 сентябрь

Шыкмаматов калкты ден соолугун коргоо максатында курамында шекер камтылган суусундуктарды көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында калктын ден соолугун коргоо максатында курамында шекер камтылган суусундуктарды көзөмөлдөө абдан маанилүү экенин белгиледи.

Ал белгилегендей, керектөөчүлөр жасалма суусундуктарды колдонуп жатып, ден соолукка болгон терс таасирин дароо сезбеши мүмкүн. Бирок анын кесепети убакыт өтүп, кийинчерээк билинет.

«Бул маселе абдан маанилүү. Азыр жасалма коланы ичип жатышат. “Эч ким өлгөн жок, эч нерсе болгон жок, бир айдан бери же ичип эле жүрөбүз”, – деп коюшат. Бирок азыр ойлонушпайт – анын кесепети 10–15 жылдан кийин билинет, өнөкөт оорулар, онкологиялык дартка чалдыгышы мүмкүн. Бул өтө олуттуу маселе, анткени адам дароо ууланбайт. Бүгүн ичет, эртең да ичет, айрыкча жаш балдар – мындай суусундуктарды жакшы көрүшөт. Эгерде алар дайыма жасалма коланы ичсе, мунун кесепети сөзсүз болот. Эмне үчүн биз буга жол беришибиз керек? Ошондуктан биз катаал чараларды көрүүнү каалап жатабыз», – деп баса белгиледи Салык кызматынын төрагасы.