ЖАМК кызматтык иттер арасындагы көп түрдөгү мелдешти уюштурду
2025-жылдын 10–12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) демилгеси жана уюштуруусу менен кызматтык иттер жана кинологиялык бөлүмдөр арасында көп түрдөгү мелдеш өткөрүлдү.
Мелдешке ЖАМКнын Кинологиялык борборунун, Кайтаруу жана конвой департаментинин кинологдору, ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын, Чек ара кызматынын жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматтык иттери катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар автоунаалардан жана чемодандардан тыюу салынган жана наркотикалык заттарды издөө көндүмдөрүн көрсөтүшүп, ошондой эле жүк ташуучу унаада, атайын жабык аянтчада издөө, кармоо жана буйруктарды так аткаруу боюнча тапшырмаларды аткарышты.
Бул мелдештин негизги максаты – кинологдордун кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, мекемелер аралык тажрыйба алмашуу жана кызматтык иттерди укук коргоо иш-аракеттеринде натыйжалуу пайдаланууну жогорулатуу болуп саналат.
Жыйынтыгында:
1-орун – ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (иттер Бади жана Тина);
2-орун – Мамлекеттик бажы кызматы (иттер Лорд жана Ордос);
3-орун – ЖАМКнын командасы (иттер Чара жана Бель).
Белгилей кетсек, багажда, жүк ташуучу унаада жана имарат ичинде наркотикалык заттарды издөө боюнча тапшырмаларда ЖАМКнын кызматтык иттери Чара жана Бель мыкты жыйынтык көрсөтүп, экинчи орунду камсыздашты.
Мындай иш-чаралар кызматтык иттердин потенциалын өрчүтүүгө, кинологдордун кесиптик чеберчилигин бекемдөөгө жана коомдук коопсуздукту камсыздоодо алардын маанилүү ролун чыңдоого өбөлгө түзөт.
