Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү: 1-октябрдан пенсияларды индексациялоо жана мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы маселелери талкууланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешмеде бир катар актуалдуу социалдык маселелерди, анын ичинде пенсияларды жогорулатууну жана билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгын карады.
Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы 2026-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүндөгү пенсияларды индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысынын айтымында, индексациянын коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, башкача айтканда 20 пайызга белгиленди.
«8800 сомго чейинки пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүгүн орточо жогорулашы 141% ды түзөт, ал эми 8800 сомдон жогору пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүктөрүнүн жогорулашы 120% ды түзөт. Индексациянын натыйжасында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми орточо жогорулоо 1 753 сомду же 116% ды түзөт»,- деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.
Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиевге индексация боюнча бардык эсеп-кысаптарды, каржылык камсыздоону жана пенсионерлерге төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча толук даярдык жүргүзүү, ошондой эле жарандардын арасында кеңири түшүндүрүү иштерин уюштуруу тапшырылды.
Күн тартибинин дагы бир маанилүү маселеси республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын келе жаткан окуу жылына даярдыгы болду. Адылбек Касымалиев өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептердин учурдагы даярдык абалын тез арада тактоо зарылдыгын белгиледи.
Министрлер Кабинетинин башчысы дагы эле курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жаткан объектилерди өзгөчө көзөмөлгө алуу, тапшыруу мөөнөттөрүнүн кечигүү тобокелдиктерин аныктоо, ошондой эле мектептердин эмерек, окуу жабдуулары жана башка зарыл инфраструктура менен толук камсыздалганын текшерүү тапшырмасын берди.
Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага окуу жылынын башында курулуш, оңдоо же жабдуу маселелеринен улам окуу процессине эч кандай тоскоолдук жаралбашы керектиги тууралуу тапшырма берди.
