Бишкекте жол куруу иштери улантылат — мэр
Бишкек мэриясы
14 октябрь

Бишкекте жол куруу иштери улантылат — мэр

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жол куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жолугушууда жол куруу иштерине жер тилкесине укугу бар экенин билдирген жарандын тоскоолдук жаратып жатканы белгилүү болду. Ошол эле учурда аталган жер тилкесине болгон укукту тастыктаган документтерди тактоо зарылдыгы бар экени белгиленди.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзамдарда белгиленген ченемдерди жана талаптарды сактоо менен жол куруу иштерин улантуу чечими кабыл алынды. Жергиликтүү тургундар, анын ичинде №70 кварталдын жашоочулары да жол курулушун улантууну колдоп, бул жол бүтүндөй конуш үчүн маанилүү экенин белгилешти.

Ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан мечиттин маселеси өзүнчө каралды.

Айбек Жунушалиев аталган объектинин коомдук маанисин белгилеп, аны сактап калуу зарылдыгын баса белгиледи. Мечитти мындан ары максаттуу пайдалануу үчүн Муфтияттын карамагына өткөрүп берүү пландалууда. Анткени ал жергиликтүү коомчулук үчүн маанилүү объект болуп саналат.

Мэр тиешелүү кызматтарга жер тилкесине байланыштуу документтерди текшерип, кырдаалга укуктук баа берүүнү тапшырды. Ошондой эле ал тургундардын кызыкчылыгын камсыз кылуу жана конуштун инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жол куруу иштерин улантуу зарылдыгын баса белгиледи.