Баткен облусунда чек ара аркылуу мыйзамсыз мал алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
2025-жылдын 1-ноябрында саат 22:30 чамасында Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Баткен районунун Кара-Бак айылынын аймагында “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаанын ичинде 35 баш бодо мал бар экени жана аларды чек арадан бажы көзөмөлүнөн тышкары өткөрүү аракети болуп жаткандыгы аныкталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну М.К. кошуна мамлекеттин жараны менен алдын ала сүйлөшүп, малды мыйзамсыз өткөрүү боюнча план түзгөнү аныкталган. Бул үчүн ал 1999-жылы туулган К.Ф. жана Э.Т. аттуу айдоочуларды жалдап, малды Лейлек району аркылуу өткөрүүнү уюштурган.
Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракети менен мыйзамсыз аракет токтотулуп, кылмыштын алдын алуу мүмкүн болду. Ал эми бул малдардын жалпы баасы 2800000 сомду түздү.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренеси (кылмыш жасоого аракеттенүү) жана 231-беренеси (экономикалык контрабанда) боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү катары кармалган 36 жаштагы М.К. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
