Иллюстрациялык сүрөт
26 октябрь
Чаткалдагы 11 айылда суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө
Чаткалдагы 11 айылда суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун активи жана тургундары менен жолугушкан учурда билдирди.
Анын маалыматына караганда, учурда райондун алты айылы ичүүчү суу менен камсыз болгон.
"Калган калктуу конуштар үчүн долбоордук-сметалык документтер даярдалууда. Мындан тышкары, быйыл айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында дыйкандарга талаа иштерин жүргүзүү үчүн жеңилдетилген шарттарда күйүүчү май берилди", - деди президент.
