100 метр жерге – 10 миң сом. Бекешев чек арадагы схема тууралуу айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Казакстан, Россияда катталган автоунааларды Кыргызстанга алып кирүүдөгү абал тууралуу айтты.
Ал белгилегендей, кыргызстандыктарга учурда чектөөлөр киргизилгендиктен, алар башка автоунааларды башка өлкөнүн жарандары аркылуу өлкөгө алып кирүугө аргасыз.
Мисалы, депутаттын айтымында, Казакстан же Россияда катталган автоунаалар менен жарандар Кыргызстанга кире алышпайт. Ошондуктан алар Казакстандын жарандарынын кызматын колдонушат.
“Схема мындай: жаран машинасы менен чек арага чейин келет, анан аны чет өлкөлүк жаранга берет, ал аны Кыргызстандын аймагына чейин айдап келет. А кыргызстандык чек арадан жөө өтөт дагы, кайра өзүнүн машинасына отурат. Ошо 100 метр жерге айдаганы үчүн башка өлкөлүк жаран 10 миң сом же 50 миң тенге алат”, – деди депутат.
Ал белгилегендей, ушундай эле абал өлкөдөн чыгууда да кайталанат, кыргызстандык дагы да чет өлкөлүк жарандын кызматына кайрылат жана ушул эле сумма төлөнөт.
“Биз башка өлкөлүктөргө кыргызстандыктардын үстүнөн акча иштеп алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп коюптурбуз. Ошондуктан бул чектөөнү алып салышыбыз керек же башка өлкөлөрдө катталган автоунааларга өлкөгө убактылуу кирүүсүнө уруксат беришибиз керек. Жок дегенде 6 айга”, - деди Бекешев.
