Беш жылда Чаткал районунда 129 чакырым жолго асфальт төшөлдү 
Иллюстрациялык сүрөт
26 октябрь

Беш жылда Чаткал районунда 129 чакырым жолго асфальт төшөлдү 

Акыркы беш жылда Чаткал районунда 129 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Чаткал районунун активи жана тургундары менен жолугушкан кезде билдирди. 

Анын айтымына караганда, 2026-жылы дагы 46 чакырым жолго асфальт төшөлүп, иштер улантылууда.

"Мындан тышкары, узундугу 217 чакырымды түзгөн Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автомобиль жолун оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 90 чакырым жолго асфальт төшөлгөн. Иштерди толук аяктап, жолду пайдаланууга жакынкы эки-үч жылдын ичинде берүү пландалууда", — деди мамлекет башчысы.