
Нарынбек Сатыбалдиев жаратылыш министринин орун басары болуп дайындалды
Нарынбек Сатыбалдиев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары – Кыргыз геология кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Нарынбек Сатыбалдиев күн мурун министрликтин эмгек жамаатына тааныштырылды.