Каракол шаарында 29 факты боюнча уурулукка шектүү жаран аныкталды
12 ноябрь

Каракол шаарында 29 факты боюнча уурулукка шектүү жаран аныкталды

2025-жылдын 6-август күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Каракол шаарынын 1986-жылы туулган тургуну К.Г. арыз менен кайрылган.

Ал арызында 2025-жылдын 18-июль күнү Каракол шаарында жайгашкан уюлдук телефон саткан дүкөнүнөн белгисиз адамдар текчеде турган 2 даана «Redmi Note 14» жана 1 даана «Note 14 Pro» үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду кутучалары менен бирге уурдап кетишкендигин билдирген.

Бул факт Каракол ШИИБдин КБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде кылмыш иши козголгон.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1991-жылы туулган М.Э. кармалган.

Алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Мындан тышкары, тергөө учурунда анын ошол эле дүкөндөн дагы 29 факт боюнча уурулук кылганы аныкталып, тергөө амалдары аяктаган. Учурда материалдар соттук кароого жөнөтүлгөн.