Бишкекте №9 балдар искусство мектебинин ачылыш аземи өттү
22 сентябрь

Бишкекте №9 балдар искусство мектебинин ачылыш аземи өттү

Капиталдык курулуш башкармалыгы Киев көчөсү, 131а дарегинде жайгашкан №9 балдар искусство мектебинин курулушун бүткөрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мектеп жалпы аянты 1117,57  чарчы метр, 0,512 га жер тилкесинде жайгашкан заманбап 4 кабаттуу имарат.

Мектепте ар кандай музыкалык аспаптарда билим ала турган класстар: фортепиано, аккордеон, баян, комуз, скрипка, үйлөмө жана элдик аспаптар, ошондой эле музыка тарыхын үйрөнүүчү бөлмөлөр бар.

Мектептин курулушун «Куб Строй» ЖЧК подряддык уюму жүргүзгөн.