Караколдо суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо иштери уланууда 
31 март

Караколдо суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо иштери уланууда 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды өнүктүрүү департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында суу менен камсыздоо системасын жаңылоо боюнча ири инфраструктуралык долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Долбоордун алкагында шаардын суу менен камсыздоо тармагындагы стратегиялык мааниге ээ объекттерди комплекстүү модернизациялоо каралган.

Учурда объекттерде активдүү курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Подряддык уюмдар магистралдык суу түтүктөрүн алмаштыруу, суу топтоочу курулмаларды жана насостук станцияларды модернизациялоо иштерин аткарууда.

Шаардык суу менен камсыздоо системасын комплекстүү реабилитациялоо боюнча долбоор Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды өнүктүрүү департаменти тарабынан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен жүзөгө ашырылып, бекитилген иш графигине ылайык, объектти пайдаланууга берүү 2027-жылдын IV кварталына пландалууда.

Департамент курулуш иштеринин жүрүшүнө, ошондой эле бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына туруктуу мониторинг жүргүзүп, долбоордун сапаттуу ишке ашырылышын көзөмөлдөйт.