Саламаттык сактоо министринин м. а. жамаатына тааныштырылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигинин жалпы жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Дамирбек Осмоновду тааныштырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Адылбек Касымалиев саламаттыкты сактоо тармагын мындан ары өркүндөтүү боюнча министрликтин алдында бир катар милдеттер турганын белгиледи.
Анын айтымында, бул медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, заманбап башкаруу жана санариптик чечимдерди киргизүү, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө маселелерин камтыйт.
