Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылды
15 сентябрь

Бишкекте Лев Толстой көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылды

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин 15-сентябрда кайрадан пайдаланууга берилди.

Мэриядан билдиришкендей, жалпы узундугу 3,2 чакырым болгон бул жол тилкесинде төмөнкү иштер аткарылды:

  • Эки катмар жаңы асфальт төшөлдү;
  • Жаңы жол белгилери орнотулду;
  • Жол сызыктары жана разметкалар жаңыланды;
  • Жол боюндагы бордюрлар алмаштырылды.

Мындан тышкары, оңдолгон көчөлөрдүн айрым кесилиштеринде унаа тыгындарын азайтуу максатында кошумча жол тилкелери (чийиндер) кошулду.