Бишкек шаарындагы компьютердик клубдарда уюлдук телефондорду уурдоо боюнча бир катар кылмыштар ачылды
23 апрель

Бишкек шаарындагы компьютердик клубдарда уюлдук телефондорду уурдоо боюнча бир катар кылмыштар ачылды

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Ички иштер башкармалыгына Ж.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 13-апрелинде болжол менен саат 01:00 чамасында Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубда белгисиз адам анын зарядкага коюп кеткен «iPhone 14 Pro» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап кеткен. Келтирилген материалдык зыяндын суммасы 130 000 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1998-жылы туулган А.К. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБнын тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын борбор калаанын аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга да тиешеси бар экендиги аныкталууда.