Аскер кызматкерлерин камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
23 апрель

Аскер кызматкерлерин камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаров баяндама жасап, аталган мыйзам долбоорлору Конституциялык соттун чечимдерине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын белгиледи. 

Анын айтымында, мыйзам долбоору менен прокурордун жана тергөөчүнүн актыларын мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечимдерин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароонун негиздеринин тизмесинен чыгаруу сунушталууда.

Ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, айрым процессуалдык негиздер боюнча кылмыш иштерин токтотуу мүмкүнчүлүгүн чектөө каралууда, эгерде мындай иштер камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө чечим кабыл алууда мааниге ээ болсо.

Мындан тышкары, камсыздандыруу жаатында тактоо киргизилип, камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн камсыздандырылган адам атайылап жасаган кылмыштын натыйжасында камсыздандыруу окуясы келип чыккан учурда гана бошотулары белгиленет.