Каракол шаарында ири суммадагы опузалоо фактысы боюнча шектүүлөр кармалды
2025-жылдын 1-сентябрында Каракол ШИИБге 1987-жылы туулган жаран О.М. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Е.М. жана Р.К. аттуу эки жаран анын уулуна козголгон кылмыш ишин “жабууга жардам беребиз” деп коркутуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылышкан.
Бул факт Каракол ШИИБдин КБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси – «Опузалап талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Тиешелүү атайын тергөө аракеттеринин алкагында, 4-сентябрда арыз ээси опузалап акча талап кылгандардын бири Е.М.ге талап кылынган сумманын бир бөлүгү – 30 000 сомду берген. Андан кийин, атайын тергөө амалдарынын алкагында, 11-сентябрь күнү 125 000 сомду талап кылып алуу учурунда Каракол ШИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүүлөр – Каракол шаарынын тургундары, 1988-жылы туулган Е.М. жана 1963-жылы туулган Р.К. кармалышкан.
Кылмыш ишинин алкагында кошумча далилдерди топтоо максатында, шектүүлөрдүн жашаган даректеринде кечиктирилгис тинтүүлөр жүргүзүлүп, тергөө үчүн маанилүү документтер алынган.
Шаардык соттун чечими менен шектүүлөргө карата тергөөнүн аягына чейин камакта кармоо бөгөт чарасы тандалып, алар камакка алынган.
