
Жерди мыйзамсыз ээлеп алууга жол берилбейт — Айыл чарба министрлиги
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан арыздын негизинде Москва районунуна караштуу Нарзан айыл өкмөтүнүн Беловодск айылынын борбордук паркында текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, К. Жаныбеков аттуу жергиликтүү жашоочу борбордук парктын ичинде ижарага берилген 10 чарчы метр аянттан тышкары 338,75 чарчы метр жерин өзүм билемдик менен уруксат документтерисиз ээлеп алып, ал жерге чакан ашкана жана башка соода түйүндөрүн уюштуруп алган.
Мындан сырткары, уруксатсыз скважина казып, иштетип жаткандыгы аныкталды.
Аталган факт боюнча тиешелүү документтер юридикалык баа берүү үчүн Москва райондук милициясына өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, К. Жаныбеков тарабынан КР Жер Кодексинин 50-беренеси, КР Кылмы-жаза кодексинин 212-беренеси, КР 1999-жылдын 25-мартындагы №33 “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамынын 17-беренеси бузулган жана Кыргыз Республикасындагы “Жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө” Жобонун 11,12 жана 150-беренелери бузулган.