Кызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган жаран Бишкектен кармалды
15 сентябрь

Кызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган жаран Бишкектен кармалды

Кызыл-Кыя ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча издөөгө алынган жаран колго түшүрүлдү.

Кызыл-Кыя шаарындагы "Таштемир ажы" борбордук базарында Араван районунун тургунунун автоунаасын 2025-жылдын апрель айында алып, анын акчасын толук төлөбөй качып кеткен Баткен районунун Чоң-Кара айылынын 30 жаштагы тургуну О.М., Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында кармалып, Кызыл-Кыя шаарына жеткирилип убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп, окуянын бардык жагдайлары такталууда.