Баткенде жаңы чек ара посту ачылды
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
28 май

Баткенде жаңы чек ара посту ачылды

Баткен районунун Согмент айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгына караштуу Чарбак тозотунун Согмент чек ара постунун ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев онлайн форматта катышса, жеринен президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер жана чек арачылар катышты.

Жетекчилер алгач чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктап, Согмент чек ара постунун ачылышы мамлекеттин коопсуздугун чыңдоо жана чек ара аймактарындагы туруктуулукту камсыз кылуу багытындагы маанилүү окуя экенин белгилешти.

Ошондой эле бул саамалык мамлекет тарабынан чек ара коопсуздугуна жана чек арачылардын эмгегине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгынын далили экенин айтышты.

Согмент чек ара постунда чек арачылардын сапаттуу кызмат өтөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Заманбап талаптарга жооп берген казарма курулуп, кызмат өтөө үчүн керектүү шарттар камсыздалды.

Белгилей кетсек, аталган аймакта чек арачылар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 12 чакырымдан ашык бөлүгүн кайтарат.

Белгилей кетсек, бул күнү өлкө аймагында бир катар чек ара объекттери ачылды.