Лейлекте чек ара айылынын тургундары жаңы турак үйлөргө көчүп келе баштады
12 ноябрь

Лейлекте чек ара айылынын тургундары жаңы турак үйлөргө көчүп келе баштады

Лейлекте чек ара айылынын тургундары жаңы турак үйлөргө көчүп келе баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Буга чейин маалым болгондой, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында, Баткен облусунун айрым аймактарын Тажикстан менен алмашуунун натыйжасында, жергиликтүү тургундарды көчүрүү үчүн, жаңы турак үйлөрдүн курулушу башталган.

Бул багытта Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында 60 үй, Максат айылында 16 үй, жалпы 76 турак жай курулду.

Турак жай комплекстеринде учурда ички жолдорго асфальт төшөө жана ар бир үйдүн короосуна тосмолорду орнотуу иштери жүрүүдө.

Ошол эле учурда чек ара аймактарынан элдер жаңы үйлөргө көчүп келүүдө. Бүгүнкү күнгө 40ка жакын үй-бүлө келди.

КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов бүгүн, 11-ноябрда Лейлек районунда чек ара айылдарынын тургундары үчүн курулган турак үйлөргө барды.

Облус башчысы Айбек Шаменов жергиликтүү жетекчилер менен куруучуларга, алдыда кыш мезгили келе жаткандыктан, айылдагы курулуш иштерин бүткөрүү, элди көчүрүү иштерин тездетүүнү тапшырды.

Бул үйлөргө Лейлек районунун чек ара аймактарындагы Максат, Сада, Раззаков, Селкен айылдарынын жашоочулары жайгашууда.

Белгилей кетсек, буга чейин 25-30-октябрь күндөрү Баткен районунун чек ара айылдарынан көчүрүлгөн тургундар, Баткен районунун Жаңы-Достук айылына жайгаштырылган.