«Өспүрүм түн» рейди. Кемин районунда милиция өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү
Кемин РИИБдин кызматкерлери Кемин районунун Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагында «Өспүрүм түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Рейддин максаты — жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу, алардын кечки жана түнкү убакта көзөмөлсүз жүрүүсүнө жол бербөө, ошондой эле өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери коомдук жайларды, эс алуу жайларын жана жашы жете электер көп чогулган аймактарды текшерип, өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган учурлар аныкталганда тиешелүү чаралар көрүлүп, ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана мыйзам талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
