Ош облусу менен Баян-Үлгий аймагынын ортосунда достук мамилелерди түзүү маселеси талкууланды
10 сентябрь

Ош облусу менен Баян-Үлгий аймагынын ортосунда достук мамилелерди түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Монголиянын Баян-Үлгий аймагында иш сапар менен болду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Элчинин иш сапары эки күнгө созулган — 4-6-сентябрь күндөрү. 

Иш сапардын алкагында Баян-Үлгий аймактык Администрациянын Курултай жыйынынын төрагасы Ш.Хавыл жана Үлгий шаарынын мэри Х.Нурболат менен жолугушуулары болуп өттү. Тараптар кыргыз-монгол мамилелерин, анын ичинде аймактар аралык кызматташууну ырааттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын динамикасын жогору баалап, ошондой эле ишкерлердин учурдагы өз ара кызыкчылыктарын эске алуу менен тараптар Ош облусу менен Баян-Үлгий аймагынын ортосунда достук мамилелерди, ошондой эле Ош жана Үлгий шаарларынын ортосунда бир тууган байланыштарын орнотуу маселелерин талкуулашты.

Элчи А.Артыкбаев аймак жетекчилигине региондордун ортосундагы өз ара байланышты түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн мүмкүн болгон багыттары боюнча маалымат берди.

Сүйлөшүнүн жүрүшүндө маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү зарылчылыгы баса белгиленди. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы келерки жылдагы кайчылаш маданият күндөрдүн алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу аймактык администрацияга маалымат берди.