Кызыл-Кыяда $150 миң курулуш материалдарын чыгаруучу жаңы цех ишке кирет
КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына иш сапары менен барды.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, жумушчу сапардын алкагында облус башчысы шаардагы бир катар социалдык объектилердин жана өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, ишкерлер менен жолугушту.
Мамыржан Рахимов ишкерлер менен баарлашуу учурунда өлкө жетекчилиги тарабынан ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестиция тартууга зарыл болгон шарттарды түзүүгө ар тараптуу колдоолор көрсөтүлөөрүн белгиледи.
Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, шаар тургундары үчүн таза, коопсуз жана заманбап инфраструктураны камсыз кылуу, ошондой эле өндүрүш секторун жандандыруу багытында бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда.
2026-жылы шаар аймагында жолдорду капиталдык оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу жана ирригациялык тармактарды жаңыртуу боюнча жалпы суммасы 91 млн сомдон ашык долбоорлор ишке ашырылууда.
Алардын катарында:
- Совет,Масалиев,Чехов жана Султанов көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө,
- №2 жана №4 орто мектептери, дем берүүчү гранттын эсебинен оңдолууда.
Ошондой эле шаарда жергиликтүү өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү багытында бир катар ишканалар иштеп жатат.
«Дан» ААК ун заводу Түркиядан алынып келинген заманбап тегирмен жабдуулары менен модернизацияланып, иштеп жатат. Учурда ишкананын суткасына 60 тонна ун өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Анда 25 адам эмгектенет. Ишканада 1- жана 2-сорттогу байытылган ун, ошондой эле кебек өндүрүлүп, Баткен облусунун аймагына жана ички рынокко сатылууда.
Кызыл-Кыя шаардык мэриясы тарабынан берилген 0,4 гектар муниципалдык жер тилкесинде Асыл Холдинг» ЖЧКсы тарабынан курулуш материалдарын чыгаруучу жаңы цех уюштурулууда.
Долбоорго 150 миң доллар же 13,1 млн сом өлчөмүндө жеке инвестиция тартылып, учурда керектүү жабдууларды монтаждоо иштери жүрүп жатат. Ишкананы 2026-жылдын 31-августунда ишке киргизүү пландалууда.
Цех суткасына 60–70 тонна суюк жана борпоң курулуш материалдарын өндүрүп, 10–15 адамды жаңы жумуш орду менен камсыз кылат.
Кызыл-Кыя шаарындагы мындай долбоорлор жергиликтүү өндүрүштү кеңейтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана шаардын экономикалык потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
