Дарыгерлерге жаңы талап: жеке клиникага жумушка орношуу үчүн 5 жыл мамооруканаларда иштөө керек
15 сентябрь

Дарыгерлерге жаңы талап: жеке клиникага жумушка орношуу үчүн 5 жыл мамооруканаларда иштөө керек

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке практика менен мамлекеттик практиканы айкалыштыруу үчүн мамлекеттик ооруканаларда 5 жылдан кем эмес иштебеген дарыгерлерге жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо. 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. 

Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаевдин айтымында, документ саламаттыкты сактоо жана билим берүү жөнүндөгү мыйзамдардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюуга, үзгүлтүксүз медициналык билим берүү системасын өркүндөтүүгө, жардамдын сапатын жогорулатууга жана жеке клиникаларды көзөмөлдөөгө багытталган.

Мыйзам долбоорундагы өзгөрүүлөрдүн бири – медициналык билим алууда жогорку билимден кийин ординатура менен катар интернатура кошулат. Дарыгерлерди даярдоо программасы интернатура/ординатура жана докторантураны ишке ашыруусу керек. 

Ошондой эле, мамлекеттик ооруканаларда 5 жылдан кем эмес иштебеген дарыгерлерге жеке клиникаларга жумушка орношууга тыюу салынат.  

Ал эми вакцина резерви пландуу эмдөөлөр үчүн гана түзүлөт. Мисалы, В гепатити, кургак учук, кызамык, полиомиелит ж.б. "Эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча" деген норма алынып салынат, анткени эпидемиологиялык кырдаал боюнча сатып алуулар ашыкча чыгымдарды болтурбоо үчүн узак мөөнөттүү резервсиз, так жүргүзүлөт.