Мыйзам долбоору: Айлык акынын 2%ы пенсиянын топтомо бөлүгүнө которулат
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.
Долбоордун демилгечиси Дастан Бекешевдин айтымында, анда эки негизги маселе каралган.
“Эки сунуш киргизилип жатат. Биринчиси, пенсиянын топтомо бөлүгү боюнча. Жарандар ыктыярдуу түрдө топтомо фондко каражат топтойм десе, андай мүмкүнчүлүк жок. Бир топ жарандар “топтомо фонд аркылуу ипотекага каражат чогулталы” деп кайрылып жатышат. Ошондуктан, топтомо фондко жарандын өз ыктыяры менен орточо айлык акынын 2 пайызы кармалсын деп киргизип жатабыз”, – деди депутат.
Ал белгилегендей, экинчи сунуш Турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) иш аракетине байланышкан.
“Мында көбүнчө пенсионерлер иштешет. ТСЖны жетектегендердин баары пенсионерлер. Аларга пенсиялык фондко төлөм түшүрүүнү киргизип жатам. Азыр 8 пайыз болсо, алар үчүн 2 пайыз. Себеби, ТСЖга жарандар мүчө-төлөм төлөшөт, андан Соцфондко кетет экен. Андан көрө ошол акчаны подъедди оңдогонго, чатырды жапканга жумшашсын”, – деди Бекешев.
Комитет мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды.
