Кыргызстан менен Сауд Аравия ИИМдери коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты
15 сентябрь

Кыргызстан менен Сауд Аравия ИИМдери коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин жана Сауд Аравия падышачылыгынын Ички иштер министрилигинин жумушчу топторунун экинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын ишине Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков жана Сауд Аравия падышачылыгынын Ички иштер министрлигинин делегациясынын башчысы, генерал-майор Абдулла бин Мухаммад бин Али Аль-Курайш катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коомдук коопсуздукту камсыздоо жана заманбап чакырыктарга каршы аракеттенүү жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашып, трансулуттук кылмыштуулукка, баңгитрафигине жана киберкоркунучтарга каршы күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн белгилешти. Тажрыйба алмашууга жана профилдик бөлүмдөрдүн ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө берилгендигин тастыкташып, өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.