Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды
12 ноябрь

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды

Кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик 116 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, облус башчысы Айбек Шаменов Лейлек районунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.

Учурда чек араны тосуу жумуштары Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүрүүдө.

2025-жылдын 12-ноябрына карата жалпы Баткен облусу боюнча 115 км 958 м аралыкка зым тартылды. Анын ичинен Баткен районунда 84 км 806 м, Лейлек районунда 31 км 152,5 м аралык тосулду.

Мындан сырткары, чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынды.

Чек араны демаркациялоо иштерин илгерилетүү максатында, жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чек ара сызыгы өткөн аймактарды турак үй, короо жай, бак дарактардан тазалоо жумуштары үзгүлтүксүз аткарылып келет.

Лейлек району боюнча 108 объект бузулуп алынган. Анын ичинде турак үй, мал сарай, ашкана, мончо сыяктуу кыймылсыз мүлктөр жана коммерциялык багыттагы объекттер бар. Бул багытта көз карандысыз эксперттер объекттерге баалоо жүргүзүүдө. Жарандар бул иш аракеттерге түшүнүү менен мамиле жасоодо.