Кыргызстандын аймагында бир жумада 24,5 миң жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстандын аймагында 13нөн 19-октябрга чейинки аралыкта 24 миң 566 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 1 642;
- Мас абалында унаа башкаруу - 284;
- Автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 232;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 220;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 438;
- Автоээнбаштык - 35;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 009;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 14;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 11 939;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 753 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
