Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдөгү кибер алдамчылыкка байланышкан шектүүнү кармады
Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына У.А. аттуу жаран белгисиз адамдардын аракеттерине укуктук чара көрүү максатында арыз менен кайрылган. Ал адамдар өздөрүн УКМКнын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Антикоррупциялык кызматтын жана ИИМдин тергөөчүсү катары тааныштырып, алдамчылык жолу менен анын акча каражаттарын ээлеп алышкан.
Жабырлануучуну «атайын аскердик операцияны жана террордук уюмдарды каржылоого катышы бар» деп шылтоо менен алдап, анын акчасын ээлеп алышкан. Акча каражаттары Бишкек шаарындагы соода борборлорунда жайгашкан банкоматтар аркылуу которулган.
Аталган факт боюнча, Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209- беренесине (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө, алдын ала сүйлөшүү жолу менен адамдардын тобу тарабынан жасалган) ылайык кылмыш иши козголуп, сотко чейинки иш жүрүп жатат.
Тергөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин кызматкерлери 1993-жылы туулган С.Н. аттуу жаранды аныктап, кармашкан. Ал Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Шектүү Telegram-каналдын администратору болуп, дал ошол канал аркылуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп, алдамчылык схемаларын ишке ашырып келген.
Учурда Бишкек шаарынын ИИББнын КИБдин «К» бөлүмүнүн кызматкерлери бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында ыкчам-издөө жана техникалык иш-чараларды жүргүзүп жатышат.
Эске салсак, ушул эле факт боюнча буга чейин эки шектүү кармалган.
