Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда
11 июль

Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланууда

Талас шаарында көп кабаттуу турак үйлөрдүн фасаддарын жаңылоо иштери жүрүүдө.

Долбоор Талас облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаевдин демилгеси менен ишке ашырылып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында Президенттин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда.

Анын алкагында шаардагы 63 көп кабаттуу үйдүн фасады толугу менен жаңыланат.