Ош базарында «Чөнтөк уурулугуна жол жок!» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана чөнтөк уурулуктарынын алдын алуу максатында Ош базарынын аймагында «Чөнтөк уурулугуна жол жок!» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери базардын аймагындагы жарандар жана соода жайларынын кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жеке буюмдарды көзөмөлсүз калтырбоо, баалуу буюмдарды коопсуз сактоо жана чөнтөк уурулугунан сактануу боюнча кеңештерди беришти.
Ошондой эле адамдар көп чогулган коомдук жайларга жана базардын аймагына жарандарды сак болууга чакырган, чөнтөк уурулугунун алдын алуу боюнча эскертүүчү маалыматтык баракчалар илинди.
Ленин РИИБ жарандарды коомдук жайларда ар дайым сак болууга, акча каражаттарын, уюлдук телефондорун жана башка баалуу буюмдарын көзөмөлдө кармоого чакырат. Эгерде шектүү жагдайларга күбө болсоңуздар же кылмыштын белгилерин байкасаңыздар, дароо милицияга кайрылууңуздарды өтүнөбүз.
