Новопокровка айылында милиция кызматкерлери иттен жабыркаган кызды ооруканага ыкчам жеткиришти
11 июль

Новопокровка айылында милиция кызматкерлери иттен жабыркаган кызды ооруканага ыкчам жеткиришти

2026-жылдын 10-июлунда Чүй облусунун Новопокровка айылындагы «Жаштар ордосу» постунда кызмат өтөп жаткан Чүй ОИИББдин Милиция кайгуул күзөт полкунун кызматкерлери — милициянын сержанты Майрамбек уулу Ж. жана милициянын кенже сержанты А. Жолдошовго ата-эне кайрылып, ит тиштеп алган жаш кыз эсин жоготуп калганын билдиришкен.

Милиция кызматкерлери жабыркаган кызды ата-энеси менен бирге кызматтык автоунаа менен дароо медициналык мекемеге жеткиришкен.

Дарыгерлер кызга өз убагында жардам көрсөтүп, учурда анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жок.

Кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине ыкчам жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.