ШКУнун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өтөт
11 июль

ШКУнун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өтөт

2026-жылдын 16–19-июль күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын алкагында эл аралык деңгээлдеги эки маанилүү иш-чара – ШКУнун Жаштар кеңешинин XIX жыйыны жана ШКУга мүчө мамлекеттердин туризмди өнүктүрүү боюнча III Жаштар форуму өткөрүлөт.

Жыйын жана форум ШКУга мүчө мамлекеттердин жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, өз ара ишенимди жана достукту бекемдөөгө, ошондой эле жаштар туризмин өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо жана туризм тармагындагы келечектүү демилгелерди талкуулоого багытталган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жетекчилиги, ШКУга мүчө мамлекеттердин расмий делегациялары, мамлекеттик органдардын, жаштар уюмдарынын жана кеңештеринин өкүлдөрү, ошондой эле туристтик индустриянын, бизнес коомчулугунун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышат.

Программанын алкагында жаштар саясаты, эл аралык кызматташтык, туризм тармагындагы инновациялар, жаштар демилгелери жана биргелешкен долбоорлор боюнча тематикалык талкуулар өткөрүлөт.

Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун Жаштар кеңеши тарабынан уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларына жолдончу расмий Кайрылуу кабыл алынат.