ТИМде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Коллегиянын жыйыны өттү
11 июль

ТИМде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Коллегиянын жыйыны өттү

2026-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде өлкөнүн дипломатиялык кызматынын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыктарына арналган Коллегиянын жыйыны болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында өттү.

Жыйындын жүрүшүндө борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчеттук мезгилде аткарылган иштер, ошондой эле көзөмөлүндөгү чет өлкөлүк мекемелердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча баяндамалары угулду.

Министр Ж.Кулубаев дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүнүн жалпы жыйынтыгын чыгарып, тышкы саясаттын негизги багыттары боюнча жүргүзүлгөн иштердин системалуу мүнөзүн белгиледи. Министр өткөн жарым жылдык жигердүү дипломатия мезгили болгонун, ал эми Кыргыз Республикасынын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы өлкөнүн көп жылдык аракеттеринин маанилүү жыйынтыгы экенин баса белгиледи.

Жыйындын алкагында өткөн мезгилдин жыйынтыктарын чыгаруу менен катар, катышуучулар жылдын экинчи жарымындагы негизги тышкы саясий окуя катары белгиленген Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкек саммитине даярдыктын жыйынтыктоочу этабын талкуулашты.

Ошону менен бирге министрликтин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын айрым чет өлкөлүк мекемелеринин жетекчилеринин санкциялык чектөөлөрдү алып салуу маселелери жана экономикалык дипломатия багыты боюнча жүргүзгөн иштеринин жетишсиздиги тууралуу принципиалдуу сын-пикирин билдирди.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча алдыдагы мезгилге артыкчылыктуу милдеттер аныкталып, тиешелүү тапшырмалар берилди. Алардын катарына Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары милдеттерди аткарууга сапаттуу даярдык көрүү, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү, ошондой эле өлкөнүн кызыкчылыктарына ылайык чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү кирет.