Ошто таштандыдан металл иргеген дагы бир завод курулат
Бүгүн Ош шаардык мэриясы менен инвесторлордун ортосунда эки тараптуу меморандумга кол коюлду.
Жалпы баасы 15 млн доллар болгон долбоордун алкагында таштанды өрттөлгөндөн кийин калган калдыктардан баалуу металлдар иргелип алынат.
Натыйжада азыр курулуп жаткан заводдун жанына дагы бир өндүрүш ишканасы салынат. Жаңы ишкана дээрлик 4 гектар аянтка курулмакчы.
Бул долбоор таштандыларды кайра иштетүүнү тереңдетип, шаардын экологиялык абалын жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.
