Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Жалал-Абад облусунда 11-ноябрда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө саат 23:32 чамасында Ала-Бука районунун аймагында катталган. Жер титирөөнүн күчү Кара-Үңкүр жана Баймак айылдарында 4 баллга жетсе, Кербен шаарында 3 балл сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
