Элчи Бөкөнтаев: Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири
3 октябрь

Элчи Бөкөнтаев: Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөннтаевдин Россиянын Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллина жана төраганын биринчи орун басары В. Чистюхин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар буга чейин эки өлкөнүн жетекчилигинин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле кыргыз-россия мамилелерин, анын ичинде банк жана финансы чөйрөсүндөгү мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер стратегиялык мүнөзгө ээ экенин жана Россия Кыргызстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, ошондой эле ЕАЭБ алкагында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы негизги өз ара аракеттенүүнү баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн аягында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мындан ары да прогрессивдүү өнүгүп, чыңдаларына ишеним билдиришти.

Жолугушуу достук, өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык маанайында өттү.