Ошто электр унааларын кубаттоочу станциялар ишке берилди
15 сентябрь

Ошто электр унааларын кубаттоочу станциялар ишке берилди

Ош шаарынын Алымбек датка көчөсүнө орнотулган 20 даана электр унааларын кубаттоочу станция бүгүн пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, төрага Болот Баетов жана шаардыктар катышты.

Жалпы 30 жабдуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасынын негизинде алып келинген. Калган 10у калаанын башка аймактарына орнотулат.

Бул станцияларды муниципалдык такси кызматы гана эмес электромобиль айдаган бардык жарандар колдоно алышат.