Бишкекте өспүрүмдү тебелеп кеткен автобустун айдоочусу кармалды
www
13 июль

Бишкекте өспүрүмдү тебелеп кеткен автобустун айдоочусу кармалды

Бишкекте өспүрүмдү тебелеп кеткен автобустун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Кырсык 13-июлда саат 09:00дөр чамасында болгон. 

ZHONG TONG үлгүсүндөгү автобусту башкарып бара жаткан айдоочу Жаш Гвардия бульвары менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, Рыскулов көчөсүнө оңго бурулган учурда жолдон өтүп бара жаткан 2017-жылы туулган жөө жүргүнчү А.М., сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен оор жаракат алган өспүрүм реанимация бөлүмүндө көз жумган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Автобус атайын айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды

Шектүү Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.