Исаева: Борбор Азия айымдарынын диалогу натыйжалуу аймактык аянтчага айланды
3 октябрь

Исаева: Борбор Азия айымдарынын диалогу натыйжалуу аймактык аянтчага айланды

Бишкекте, бүгүн, 3-октябрда Кыргызстандын төрагалыгы алдында “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук: Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Авганистанда туруктуулукту бекемдөө” темаcынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогунун жыйыны өтүүдө. 

Иш-чараны ачып жатып, КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева белгилегендей, Диалог өзүнүн үч жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде гендердик теңчилик маселелерин илгерилетүү жана узак мөөнөттүү мамилелерди өнүктүрүү максатында ар тараптуу талкуулоо үчүн натыйжалуу аймактык аянтчага айланган. 

Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө жүздөн ашык катышуучу - мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү, жарандык коомдун жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык уюмдарынын эксперттери Борбор Азия регионунда тынчтыкты бекемдөөгө, кызматташууга жана туруктуу өнүгүүгө аялдардын олуттуу катышуу маселелери боюнча мамлекеттер аралык жана саясий процесстерге катышуу үчүн зарыл чараларды жана сунуштарды иштеп чыгууга салым кошуу үчүн чогулушту.

“Форумдун алдына төмөнкү милдеттерди коебуз: Тынчтыкты жана регионалдык кызматташтыкты бекемдөөгө аялдардын салымын жана катышуусун карап чыгуу үчүн жогорку деңгээлдеги диалог платформасын берүү; Региондук коопсуздуктун негизи катары климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо процесстерине аялдардын катышуусун камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды иштеп чыгуу; Борбор Азия регионунда тынчтыкты бекемдөөгө, кызматташууга жана туруктуу өнүгүүгө аялдардын олуттуу катышуу маселелери боюнча жалпы көз карашты жана сунуштарды иштеп чыгуу”, - деди Жамиля Исаева. 

«Бүгүнкү иш-чаранын бардык катышуучулары Борбор Азиядагы аялдардын укуктарын жана гендердик теңчиликти илгерилетүүгө жана коргоого мындан ары да өзгөчө көңүл бура тургандыгына ишенем», - деп жыйынтыктады Джамиля Исаева жана форумдун катышуучуларына жемиштүү иш каалады.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдарынын диалогунун жыйынында  "Аялдар, тынчтык жана коопсуздук" күн тартибин ишке ашыруу жана Борбор Азия регионунда жана Афганистанда тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоо үчүн региондук кызматташтыкты күчөтүү маселелери талкууланууда.