Ош шаарына Өзбекстандан дагы 1000 даана көчөт алып келинди
Ош шаарына Өзбекстандан дагы 1000 даана көчөт алып келинди.
Мэриядан кабарлашкандай, алар быйыл оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн көчөлөргө отургузулууда.
Өткөн жумада да 1000 түп чынар теректин көчөттөрү бир нече көчөлөргө тигилген.
Учурда көчөт отургузуу иштери Куренкеев, Жунусов, Пржевальский, Джиннах жана бир катар башка көчөлөрдө уланууда.
