Көчкү түшкөн Арал – Казарман унаа жолунда бир тараптуу каттам ачылды
3 июнь

Көчкү түшкөн Арал – Казарман унаа жолунда бир тараптуу каттам ачылды

Арал – Казарман унаа жолунда бир тараптуу каттам ачылды, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, 2-июнда кечки саат 19:30-20:00 аралыгында жолдун 241-242-чакырымдарында тоо боорунан көчкү түшүп (болжол менен 60 000-70 000 м3), жолду бөгөп калган.

Жерине атайын техникалар тартылган.

"Тынымсыз тазалоонун натыйжасында түнкү саат 01:30дар чамасында бир тараптуу каттам берилип, туруп калган унаалар өткөрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта жолчулар тарабынан тазалоо, кеңейтүү иштери уланууда.

Ошондой эле, Арал – Казарман жолунун 243-296-чакырымдар аралыгында тоо боорунан кулаган таштарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.