КР ТИМ кыргызстандыктарды Израиль, Иран жана Ливанга баруудан алыс болууга чакырды
Биз Жакынкы Чыгыш аймагында болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен тыкыр көз салып турабыз, деп билдирет Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы.
"Биз жаңжалдашып жаткан тараптарды эл аралык укуктун негизги принциптерин жана нормаларын сактоого, анын ичинде аймактагы кырдаалдын курчушуна алып келүүчү аракеттерден алыс болууга чакырабыз.
Кыргыз Республикасы согуштук аракеттерди тез арада толук токтотуу, саясий диалогду баштоо жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аймактагы туруксуздук менен байланышкан тобокелчиликтердин күчөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарына Израил Мамлекетине, Иран Ислам Республикасына жана Ливан Республикасына баруудан баш тартууну сунуштайт.
Ошол эле учурда, буга чейин Жакынкы Чыгыш аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүүгө, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого жана өлкөнүн расмий органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткарууга чакырат.
Эгер кандайдыр бир жардам же маалымат керек болсо, төмөнкү тез жардам номерлерине кайрылса болот:
1. Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги: +96525359951;
2. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;
3. Кыргызстандын Ирандагы элчилиги: +989352505226
4. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгы: +996999312002.