Элвира Сурабалдиева Эмгек министрлигин жоюп салууну сунуштады: Жөлөкпул алам деген адам документ чогулткуча, карып өлүп калат
23 апрель

Элвира Сурабалдиева Эмгек министрлигин жоюп салууну сунуштады: Жөлөкпул алам деген адам документ чогулткуча, карып өлүп калат

“Баатыр эне” орденин же жөлөкпул алууга документ топтогуча, адам “карып, өлүп калат”, дейт депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңешти жыйынында.

Ал Токтогул районунун тургунунан кайрылуу келгенин билдирди.

“Жети баласы бар, эки баласы студент эне экен. Контрактты 50 пайызга арзандатуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелегендерге ыраазычылыгын айтты. Бирок документтерди топтоо өтө көп убакытты талап кылат экен. Соттуулугу жок деген маалымкатты кагаз жүзүндө талап кылып жатышыптыр, анда эмнеге санариптештирүүнү айтып мактанып жатабыз?” – деди депутат.

Ошондой эле Сурабалдиеванын айтымында, “Баатыр энеге” документ тапшырылгандан кийин жооп бир жыл аралыгында келет.

“Бир жыл эмне кылышат? Жетинчи баласы төрөлүп, бир жашка чыккандан кийин ошол энеге документ даярдоо боюнча дароо жардам бериш керек да. Элдин жашоосун жеңилдетем десеңер, процедураны жеңилдеткиле”, – деди ал. 

Депутат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин жоюп салууну сунуштады. Анткени, депутаттын айтымында, пенсия, жөлөкпулду “Айылбанк”, “Элдик банк” берет, а министрлик жөн гана ортомчу.

“Жөнөкөй бир мыйзамдын аткарылышына жардам бере албасаңар, ортомчулук кылбай, ыйгарым укугуңарды тапшыргыла. 90 депутаттын баарына жөлөкпул боюнча кайрылуулар келип жатат, документтерди чогулткуча карып, өлүп кала турган болдук дешүүдө. Министрликте бардак, карагыла, оңдогула”, – деди Элвира Сурабалдиева.