Адылбек Касымалиев Казакстанга жумуш сапары менен барат
12 ноябрь

Адылбек Касымалиев Казакстанга жумуш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында Казакстандын Астана шаарына жумуш сапары менен барат. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат. 

Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт. 

Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.