Жумгал районунда 100 орундуу мектептин курулушу башталды
Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Лама айылында 100 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Мамкурулуш агенттигинен билдиришти.
Долбоор боюнча заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу окуу корпус, спорттук залы менен курулат.
Мектептин жалпы аянты 1029 чарчы метрди түзөт.