“Баатыр эне” орденин алууда керектүү документтер: бир тамгадан айырма болсо, кабыл алынбайт
Баатыр эне наамын алуу үчүн кандай документтер керек? Бул суроону Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Кылычбаев баатыр энелердин балдарын жогорку окуу жайында 50 пайыз арзандатуу менен окутуу боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда узатты.
Юстиция министринин орун басары Айбек Айдаровдун айтымында, 7 же андан көп баланы жарык дүйнөгө алып келген жана тарбиялап чоңойткон энеге “Баатыр эне” ордени ыйгарылат. Тиешелүү документтер президенттик администрациянын сыйлык берүү комиссиясы тарабынан каралып, чечим кабыл алынат.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Нуржамал Төрөбекова наам алуу үчүн керектүү документтерди тиземеледи. Алар:
- балдарынын күбөлүгүнүн оригиналы;
- эненин паспорту (атаныкы талап кылынбайт);
- нике күбөлүгү;
- балдарынын соттуулугу жок деген маалымкат.
“Документтерди нотариустан күбөлөндүрүш керек. Балдарынын бирөөсү соттолгон болсо, эне Баатыр эне наамын ала албайт. Анткени, мында баатыр эне болгондон кийин башкаларга үлгү болуп, үлгүлүү балдарды тарбиялаш керек деген маани бар. Ошондой эле эне балдарыныкына окшош фамилияны алып жүрсө, бир тамгадан да айырма болбошу керек. Мисалы, айрым фамилияларда кыргыз тамгалары: ө, ү, ң – о, н, у болуп жазылып калат. Эгерде бир тамгадан эле айырма болсо, документтер кабыл алынбайт, анда баланын күбөлүгүн кайра алмаштырууга туура келет”, – деди Төрөбекова.
Депутат Алтынбек Кылычбаев документтерди нотариустан өткөрүү талабын алып салууну сунуштады.
“Эне балдарын карайбы же документтерди күбөлөндүрүү үчүн чуркап жүрөбү? Биз ишти көбөйтүп жатабыз”, – деди ал.
